Бүгүн, 20-мартка карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 122 миллион 262 миң 706 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 69 миллион 234 миң 192 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 701 миң 48 адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда ооругандардын жалпы саны 29 миллион 728 миң 104 болду. 541 миң 96 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 871 миң 390 адамдан аныкталды. 290 миң 314 адам каза болсо, 10 миллион 435 миң 864 бейтап айыкты.
Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 11 миллион 514 миң 331 адам вируска кабылган. 159 миң 370 бейтап көз жумса, 11 миллион 83 миң 679 бейтап оорудан сакайды.