Баткен облусунун Көк-Таш айылынын камакка алынган 2 жараны үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына камакка алынгандардын биринин апасы Сапия Сапарбаева билдирди.
"Уулум жана жанындагы тургун кечээ, 28-февраль күнү үй камагына чыгарылды. Баламдын абалы жакшы", - деп билдирди Сапия айым.
Эске салсак, 18-декабрь күнү жолдон өтүп бара жаткан Тажик Республикасынын Исфара районунун Майский айылынын тургундары менен кыргыз тарап таш ыргытышып, урушуп кетишкен. Натыйжада Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунунун Хонда-Стрим унаасынын айнегине таш тийип, айылдын 2 тургунунун турак үйлөрүнүн шиферлери сынган.
11-январь күнү Көк-Таш айылынын тургундары жолдон өтүп бара жаткан Көк-Таш айылынын Дахма участкасынан Тажик жарандарынын Хундай-Портер үлгүсүндөгү унаасын таштар менен уруп, эки капталындагы айнектерин сындырып салышкан. Бул факты "бейбаштык" беренеси менен катталып, текшерүү иштери башталган. Жогорудагы кылмыштарга катыштыгы бар же аларды уюштурганга тиешеси бар делинип, Көк-Таш айылынын 4 жараны 1 айга камакка алынган. 17-январь күнү камакка алынгандардын экөө үй камагына чыгарылган.