Баткенде камакка алынган 4 жарандын экөө үй камагына чыгарылды

Баткен районунун Көк-Таш айылынын камакка алынган 4 жарандын экөө үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Баткен облустук сотунун аныктамасы менен кабыл алынды.

Облустук милициядан буга чейин билдиргендей, алар 11-январда милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, алар Кадамжай райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынышкан.

18-декабрь күнү саат 09:20 чамасында алар жолдон өтүп бара жаткан Тажик Республикасынын Исфара районунун Майский айылынын тургундары менен өз ара эки тарап таш ыргытышып, урушуп кетишкен. Натыйжада Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунунун Хонда-Стрим унаасынын айнегине таш тийип, айылдын 2 тургунунун турак үйлөрүнүн шиферлери сынган. Мындан сырткары, Көк-Таш айылынын бир тургунунун башына таш тийип, жараат алган. Баткен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "массалык баш аламандыктар" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Мындан сырткары, 2020-жылдын 11-январь күнү Көк-Таш айылынын тургундары жолдон өтүп бара жаткан Көк-Таш айылынын Дахма участкасынан Тажик жарандарынын Хундай-Портер үлгүсүндөгү унаасын таштар менен уруп, эки капталындагы айнектерин сындырып салышкан. Бул факты "бейбаштык" беренеси менен катталып, текшерүү иштери башталган. Жогорудагы кылмыштарга катыштыгы бар же аларды уюштурганга тиешеси бар делинип, Көк-Таш айылынын 4 жаранын тиешелүү далил менен суракка алып келишкен. Алардын экөөнүн жанынан тийиштүү документтери жок ок атуучу курал алынып, соттук-экспертизалар дайындалган.

Буга чейин аларды бошотуу талабы менен митингдер өтүп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
chake
2020-01-17 21:23:27
просто тажиктер паника кылбасын деп кармап турат тигилер деле кармап өздөрүнүн адамдарын камаган турбайбы
-6
Absamat-90
2020-01-17 21:24:42
Негизи жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт. Эки тараптын тең эргулдары эмоцияга алдырып эл аралык чуу чыгарды.
-10
Omush94
2020-01-17 22:09:47
Элин жерин коргоп эч ким чыкпайт мындай камлоолор боло берсе
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан