Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырда курман болгон аскерге "Эрдик" медалы берилди

Бүгүн, 23-декабрда аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери Муминов Равшан Мурзахматович курман болгондон кийин "Эрдик" медалы менен сыйланды. Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиргендей, президент Сооронбай Жээнбеков каза болгон Равшан Муминовдун жубайын кабыл алды.

"Мамлекет башчысы аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана тайманбастыгы үчүн Равшан Муминов курман болгондон кийин "Эрдик" медалы менен сыйланганын белгиледи. Мамлекеттик сыйлык аскер кызматкеринин жубайы Мухайе Муминовага тапшырылды.

Президент курман болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан зарыл болгон колдоо көрсөтүлүп турарын белгиледи", - деп жазылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алуу үчүн 2 миллион сом бөлүнгөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chake
2019-12-24 09:14:48
улуту өзбек болсо да кыргыздын жеринде төрөлүп өскөндүктөн мекенин коргоп жан берди Равшан жайын жаннаттан берсин кудайм
+2
Jaznura
2019-12-24 09:22:31
Мекен чегинде курман болгондордун жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан