"Ухан вирусу": 64 өлкөдө катталды. 3 миңден ашуун адам каза болуп, 88 миң 583 адам жабыркады

Коронавирустан каза болгондордун жана жабыркагандардын саны өсүүдө. 1-мартка карата каза болгондордун жалпы саны 3 миң 38 адамга жетсе, вирусту алып жүргөндөрдүн саны 88 миң 583кө жетти.

Каза болгондор: Иранда 54, Италияда 34, Түштүк Кореяда 17, Японияда 6, Францияда 2, Австралияда 1, Тайванда 1, Таиландда 1, Филиппинде 1, АКШда 1, Австралияда 1. Калгандары Кытайдын бир катар провинцияларында жана шаарларында катталган.

Ал эми жуктургандардын 80 миң 25и Кытайда катталса, коронавирустун экинчи очогу болгон Түштүк Кореяда 4 миң 212 адам, Италияда 1 миң 694 адам жуктуруп алган.

Учурда коронавирус 64 өлкөдө катталганы маалымдалды. Сутка ичинде Катар, Израиль, Египет, Мексика, Чехия өлкөлөрүндө алгачкы фактылар катталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aydinnur
2020-03-02 08:50:25
Кудай эле сактасын бизди!Бакпай балээнден,жакпай жалаандан деп койчу беле мындайда..Жанагы Салымбеков деген мырзабыз миллион маскасын КРда эле калтырса болмок экен..
+2
Globalnews
2020-03-02 14:53:14
aydinnur, салымбеков миллион масканы кайда жиберди?
0
Samatalibei
2020-03-02 18:02:12
Globalnews, Кытайга 50миң маска жөнөткөн байкебиз. А өзүбүздө маска жок! Кыргызстандагы байлардын баары өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон адамдар! Биз ушундай Кудай колдогон сабырдуу элбизго.
0
Wibee
2020-03-02 09:26:03
Аллах тааалам сактасын бүт адамзатын.
0
bratanyn
2020-03-02 10:01:17
2 Австралия
+2
bratanyn
2020-03-02 10:10:25
Чегара бекеттеринде аябай катуу текшергиле?Кудай сактанганды сактайт.
+1
ZUXRIDDIN20
2020-03-02 14:31:12
Астагфируллох
[moderated] да чыктылего Ванганын божомолдогону
Белгисиз оору чыгат, жер шаарын бир бөлүгүн дүйнөдөн алып кетет деп. Чын окшойт
Эми Аллахтангана үмүт кылабыз Биз Мусулман пенделериңи Өзүң сакта деп
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан