Интернет айдыңына милиция кызматкери жаранды бетке чаап жиберген видео тараганы тууралуу маалымдалган.
Анда тартип сакчы менен белгисиз эркек кишинин ортосунда кайым айтышуу орун алып, натыйжада милиция кызматкери жаранды бетке чаап жиберген. Окуя болжол менен Бишкектин Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн кесилишинде орун алгандыгы айтылган.
Бул окуя боюнча шаардык милицияга байланышканыбызда, учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатканын билдиришти.