Япониянын борбору Токио шаарында өтүүчү XXXII жайкы олимпиада оюндары коронавирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу көрүүчүлөрсүз өтүп калышы мүмкүн. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Олимпиаданы уюштуруучу комитети коронавируска байланыштуу олимпиаданы көрүүчүлөрсүз өткөрүүнү карап жатат. Коронавирус Японияда мындан дагы күч алса, олимпиаданы башка шаарда өткөрүүнү карайт. Токио шаары буга 12 миллиард доллар коротконун, олимпиаданы өткөрүү ниети күч экенин билдирген.
Акыркы маалыматтар боюнча Японияда коронавирустан 12 адам каза болуп, 947 адам бул илдетти жуктуруп алган.