29-июлга карата республика боюнча 525 миң 105 муктаж болгон үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу аталган министрликтин статс-катчысы Каныбек Адиев билдирди.
"Гуманитардык жардамды жергиликтүү деңгээлде бөлүштүрүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаардык администрациянын алдындагы атайын түзүлгөн комиссиялар тарабынан жүргүзүлгөн. Мында гуманитардык жардам жакырчылык деңгээлин, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн, ошондой эле ошол аймакта жашаган, гуманитардык жардамга муктаж болгон башка жарандардын бар экендигин эске алуу менен көрсөтүлгөн", - деди Каныбек Адиев.