Кытайдын Ухан шаарынан чыгып, дүйнөгө жайылып жаткан коронавирус эки дарыгердин, тагыраагы Юй Цзинхай менен Чжоу Линьинин үйлөнүү үлпөт тоюн үзгүлтүккө учуратты. Алар вирусту жуктурган жарандарга жардам берип, кызматын өтөө үчүн госпиталга барып, иштөөгө аргасыз болушкан. Мындан улам алардын үйлөнүү үлпөт тою болбой калган.
Дарыгерлердин баш кошуу тою салтанаттуу өтпөй калганын билип калган бейтаптар жана алардын кесиптештери эки жаштын жакшылыгын чакан той катары уюштуруп, сюрприз кылып куттуктоону чечишкен. Алардын тою үлпөт көйнөгүсүз, ашыкча шаан-шөөкөтсүз кесиптештеринин жана бейтаптардын курчоосунда өткөн. Бул окуяны жергиликтүү басылмалар жазып, телеканалдар чагылдырып жатышат.