Жандандыруу бөлүмүндө иштеп жаткан ыктыярчы: "Бейтаптар азайды, бирок бул баштагыдай жай турмушка кайтуу дегендик эмес"

Пневмонияга чалдыккан бейтаптарды кабыл алып жаткан №1 шаардык клиникалык ооруканасында ыктыярчылык кылып жаткан Бексултан Усеналиев жана Нурдөөлөт Казиев ал жактагы абал тууралуу SUPER.KG порталына айтып беришти. Алардын айтымында, кыйын кырдаалды көрүп, өз каалоолору менен ыктыярчылык кылууну чечишкен. Дээрлик бир айга чукул убакытта алар көп нерсе баштарынан өткөнүн айтышат.

"Негизи бизде медициналык билим жок, ыктыярчы катары жардам беребиз деп келгенбиз. Чынында башынан бул ишке аралашпагандыктан, психологиялык жактан бир аз кыйын болду. Өлгөн адамдарды көргөн учурда нес абалда болуп жаттык. Албетте, каза болгон адамдын жакындарына колдоо көрсөтүүгө, жакшы сөз сүйлөөгө, түшүнүүгө аракет кылып, ар дайым дилгирленип турдук. Биз жандандыруу бөлүмүндө иштеп жаткандыктан, оор учурларды көп көрдүк. Анын ичинде дүрбөлөңгө алдыргандар, өзүн жеп кайгыргандар да болду", - дейт ыктыярчы Бексултан Усеналиев.

Алар баштагыга салыштырмалуу бейтаптар кадимкидей азая түшкөнүн, бул кубанычтуу кабар экенини айтышат. Бирок ыктыярчылар айткандай, бул кадимки баштагыдай турмушта жашоо дегенди түшүндүрбөйт.

"Бейтаптар мурункуга салыштырмалуу палаталарда аз. Бул кабарды угуп, эрежени сактабай, эл көпчүлүк жерге топтолсо, кайра эле баштагы калыпка келишибиз мүмкүн. Ошондуктан азыр да вирус бар экенин эске алып, кайдыгер мамиле жасабасак", - дейт Нурдөөлөт Казиев.

Жандандыруу бөлүмүндө иштеп жаткан ыктыярчылар көргөндөрү менен бөлүшөт
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан