Орусия 2021-жылдын январь айынан тарта медициналык бет кап тагынуу режимин жокко чыгарса болот. Мындай пикирди Орусия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, вирусолог Александр Лукашев билдиргенин жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
"Акырындык менен бет каптардан баш тартсак болот. Бирок 2021-жылдын январь айынан тарта мындай кадамга баруу туура болот", - деген Лукашев.
Ошондой эле ал коронавирус инфекциясы жүрүп жатканын, бирок баары көзөмөлгө алынганын кошумчалаган.