Чет өлкөдөн келген жүргүнчүлөрдү учактын ичинен текшерүүгө алат. Бул тууралуу коронавирустун өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери боюнча штабдын кезектеги жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Чет өлкөдөн келгендердин дене табын термометр менен текшерүү учактын ичинде жүргүзүлөт. Аны санитардык көзөмөл пунктунун адистери ишке ашырат", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин экс-элчи Кылычбек Султан "Кыргыз мамлекетинде коронавирус жок дегенге дагы деле ишенесизби?" деген суроо салган. Анда ал жакында Алматы аркылуу транзит менен учканын, учак Алматы шаарына конгондо жүргүнчүлөрдүн бирин дагы кабинадан чыгарышпай, ар бирин атайын жабдылган медициналык адис текшергенден кийин гана чыгарышканын жазган. Бишкекке конгондо баарын дароо эле чыгарып жиберишкенин айткан.
Кылычбек Султан Алматы шаарында таратылган анкетаны сүрөткө тартып алган. Анда жүргүнчүлөргө Казакстанда жашай турган жердин дарегин жана байланыш маалыматтарды жазууга милдеттендирилген. Ал эми Бишкекке келгендерге мындай анкеталар берилбегенин билдирген.