Түндүк Кореянын лидери коронавируска байланыштуу Түштүк Кореяга көңүл айтуу катын жолдоду

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инге коронавируска байланыштуу көңүл айтып, кат жолдоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, анда Ким Чен Ын Түштүк Корея өлкөсү эпидемияга каршы күрөшүүдө жеңип чыга турганын айтып, өлкө элине ден соолук каалап өткөн.

Мындан сырткары ал жолдогон катында Түштүк Кореянын президентинин ден соолугунан кабатыр болуп жатканын белгилеген.

Ал эми Түштүк Кореянын лидери Мун Чжэ Ин ага ыраазычылык билдирип, жооп катын жиберген.

Бүгүнкү күндө Түштүк Корея коронавирус жайылган аймактардын ири очогуна айланды. Акыркы алынган маалыматка ылайык, өлкөдө 6088 вирусту жуктурган жаңы учур катталган. Ал эми каза болгондордун саны 35 адамга жеткени анык болду. Буга чейин коронавирустун жайылышына байланыштуу Түштүк Кореяда медициналык бет кап алуу үчүн кезекке тургандардын узун кезегин чагылдырган видео тараган эле.

Кытайда 5-мартка карата коронавирус менен жалпысынан 80 миң 409 адам жабыркаса, 3 миң 11 адам каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан