Пандемияда интернет оюндарына суроо-талап жогорулады

Ушул жылдын экинчи чейрегинде, тагыраагы карантин учурунда орусиялыктардын оюн рыногунда өзгөчө кызыгуу пайда болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ушул жылы виртуалдуу оюндарга болгон суроо-талап өткөн жылга салыштырмалуу 30 пайызга жогорулады. Ошондой эле аналитиктер "Аксессуарлар" категориясындагы товарларга дагы суроо-талаптын 40 пайызга жогорулагандыгын белгилешти.

Аксессуарлардын ичинен PlayStation консолдору үчүн Dualshock 4 Gamepad эң популярдуу деп аталган. PlayStation виртуалдык эсебинин толуктоо карталары дагы рейтингде жогорку орундарды ээледи.

Адистердин айтымында, колдонуучулар оюндарды интернеттен сатып алууну чечишүүдө. "Чындыгында, обочолонуу апрель-сентябрь арасында тарыхый жактан төмөн болгон оюн рыногун жандандырды", - дешет талдоочулар.

Март айында аналитиктер COVID-19 инфекциясынын жайылуусу учурунда оюн кызматтарына жана интернет-кинотеатрларга жазылууга суроо-талаптын көбөйгөнүн байкашкан болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Welcome.
2020-07-23 22:00:25
PUBG тыттымго чиркин
0
dangerouskg94
2020-07-24 00:14:25
Неге пабж жок, популярдуу пабж болсо керес плэйстейшнды ойнобопмун коргонда эмесмин уканда эмесмин пабж десен любойу билет, силер айткан ойнунарды таныштары эмес чужойларды билбей койду ,билбей когондор пабжыны билет экен
+1
Ulukmyrza070809
2020-07-24 02:22:01
Ушу PUBG оюну жаман экен. Кв чогуу жашаган балдар ойношот,эми уйку беришпейт тун бир оокумга чейин. Баары уйдо бекерчи иштери жок али кунго чейин ойношот,урушуп атып чарчадым.
0
-BOSS-
2020-07-24 11:02:23
Пабжы ойногондор лөлүнүн эркектери, 21-кылымдын маңкурттары, отуруп алып өзү менен өзү сүйлөшө берет. 1-2 жыл мурун кыздар ичпеген чекпеген балдарга турмушка чыгалы дешсе азыр ПАБЖЫ ойнобогон эркектерге турмушка чыгалы дешет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан