Өзгөчө кырдаал жарыяланган Сузак районуна караштуу Благовещенка, Бостон жана Орто-Азия айылдарына санэпидемстанция жана ӨКМнын кызматкерлери бир күндө бир канча жолу көчөлөрдү, үйлөрдү дезинфекция кылып жатышат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Кечээ, 18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталганы кабарланган.