12-июнга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 7 миллион 493 миң 514кө жетти. Алардын арасынан 3 миллион 530 миң 633 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 420 миң 847 адам көз жумду.
Коронавирус эң көп жайылган АКШда 2 миллион 22 миң 21 адам аталган илдет менен катталды. Арасынан 538 миң 645 адам сакайып, 113 миң 783 бейтап каза болду.
Экинчи орунду ээлеген Бразилияда вирус менен ооругандардын жалпы саны 802 миң 828ге өстү. Андан 429 миң 965 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы 40 миң 919 адам каза болду.
Орусияда 501 миң 800 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды. Арасынан айыгып чыккандар - 260 миң 649, көз жумгандар - 6 миң 522.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.