Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Арка, Жаңы-Жер айылдарындагы дүкөндөрдө азык-түлүк тартыштыгы жаралган. Бул кырдаалды жоюу үчүн аталган айылдарга 30 тонна ун жана керектүү азыктар жеткирилди. Мындай маалыматты Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Лейлек районунун акими Арка айыл аймагына бүгүн, 6-мартта барып, эл менен жолугушту. Кечээ жергиликтүү эл Тажикстанда коронавирус катталды деген маалыматты угуп, дүрбөлөңгө түшүп, дүкөндөрдөгү эң зарыл делген азык-түлүктөрдү сатып алып кетишкен. Натыйжада дүкөндөрдө ун, май азыктары жок калган. Райондун акими эл менен жолугушууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, дүрбөлөңгө түшүп жаткан элге маалымат берди. Учурда абал туруктуу. Аталган аймакка 30 тонна ун жеткирилди, ошондой эле башка дагы зарыл делген азык-түлүктөр жеткирилип жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Буга чейин окурман "Элдик кабарга" Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен айылдарында эл дүрбөлөңгө түшүп, дүкөндөрдөн ун, май жана башка азык-түлүктү талап кетишти деген маалыматты жөнөткөн.