Өлкөдө өзгөчө кырдаал андан соң өзгөчө абал киргизилгени өлкөбүздүн жарандары бар күчүн социалдык тармактардан чыгарып жаткандай. Дүйнө жүзү боюнча социалдык тармактардын колдонуучуларын саны жана алардын активдүүлүгү пандемия учурунда кескин өскөн.
Социалдык тармактарда акындар элден эрежелерди сактоосун жана үйдөн чыкпоосун өтүнүп, видео кайрылуу жасашса, айрымдары ал тууралуу ыр жазган.
Акын Садырбек Турдубек уулу:
Илгери үйдө жатпастан,
Жоо чапкан кыргыз качпастан.
Бул илдет андан күчтүү жоо,
Үйдө жат сыртка баспастан.
Төкмө акын Кадырбек Бейшенов:
Каралдым менде нак кайгы,
Кайгырган кептен айтпайлы.
Кайрылып сага бармакмын,
Карантин болуп жатпайбы.
Акын Бердибек Жамгырчиев:
Вирустан элим кутулаар,
Кырсыктын жолу бузулаар.
Азапты далай жеңген журт,
Андайды алыс учураар.
Калдайган калың кыргызым,
Качпаса болду кутуңар.
Дардыйган биздин жегичтер,
Дагы да болсо жутунаар.
Шалпаңдап анан бир гана,
Шайлоого чуркайт бутуңар.
Ата-журт жанын соолуткан,
Айыкпас вирус ушулар.