Кыргыз футбол союзу коронавирус боюнча футбол күйөрмандарына билдирүү жасады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Футбол союзунан билдиришти.
Аталган союз коронавирустун жаралуу жана болтурбоо аракетинде жарандардан эл көп чогулган жерлерге, ошондой эле футболдук беттештерге барбай турууну сунуштайт.
Азыркы убакытта дүйнөнүн кээ бир өлкөлөрүндө коронавирустук инфекциясынын жайылышы менен эпидемиологиялык курч абал жаралды. Кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик мекемелердин жана тиешелүү түзүмдөр жана уюмдардын жигердүү иш алып баруусу менен стабилдүүлүктү үмүттөндүргөн абал сакталып турат. Коронавирустун алдын алуу профилактикасында жана анын жаралуусуна мүмкүндүк бербөө, эл арасында жайылтпоо максатында эл көп чогулган жерлерге жана массалык маданияттык иш-чараларды өткөрбөө сунушталган.
Муну менен бирге Кыргыз футбол союзу өлкөнүн жалпы коомчулугуна КФС эгидасынын алкагында пландалган спорттук жана башка иш-чаралар өз убагында өткөрүлө тургандыгын билдирет. Бул 2020-жылдын футболдук сезону жаңыдан башталып, Кыргыз футбол союзунун спорттук иш-чаралар жүгүртмөсүндө көп мелдештер пландалганы жана алардан баш тартуу ишмердүүлүккө кыйынчылык жаратары менен түшүндүрүлөт.
Ошондой эле Кыргыз футбол союзу жарандардан жогорку жоопкерчилик жана эстүүлүктү карманып, коронавирус боюнча жалган жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуудан алыс болушун суранат.