Экоактивист Грета Тунберг БУУнун Балдар фондуна 100 миң доллар которду

Экоактивист Грета Тунберг Бириккен улуттар уюмунун Балдар фондуна ар кандай керектөөлөр үчүн 100 миң доллар которду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Биз пандемия учурунда ЮНИСЕФти колдоо үчүн жаңы кампания баштадык" деген Тунберг. Мындан сырткары ал азыркы тапта коронавируска текшерүүдөн өтүү үчүн өзүн изоляцияга алганын айткан. Ал Швецияда оорунун жеңил белгилери байкалса тест алынбай тургандыгын айтып, ошондуктан тест тапшыра электигин кошумчалаган.

Буга карабастан ал өзүн изоляцияга алуу мындай учурда туура кадам экенин баса белгилеген.

Расмий маалыматтарга ылайык, Швецияда жалпы 28 миң 582 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын ичинен 4 миң 971 адам айыгып чыкса, 3 миң 529 адам көз жумган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан