Кытайда карантинге алынган жарандарды кармаган мейманкана урап, 2 адам каза болду

Кытайдын Цюаньчжоу шаарында карантинге алынган жарандарды кармаган мейманкана ураган. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кытайдын Фуцзянь провинциясындагы "Xinjia Express" мейманканасы кулап, куткаруучулар 50 адамды алып чыгышты. Алардын экөө каза болгону аныкталды. Дагы 20га жакын адамды куткаруу иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат маалыматта.

Аталган мейманкана коронавирусту алып жүргөндөр менен байланышта болуп, милдеттүү түрдө карантинге алынган жарандарды кармоо үчүн колдонулуп жаткан. Мейманканада вирустун очогу делинген провинциялардын тургундары болушкан.

"Xinjia Express" мейманканасы 2018-жылы июнь айында эс алуучулар үчүн эшигин ачкан. 6 кабаттуу мейманканада 80 бөлмө болгон.

Кытайда карантинге алынган жарандарды кармаган мейманкана урап, 10 адам каза болду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bratanyn
2020-03-09 09:20:02
А байкуштар өлгөндүн үстүнө көмгөн болуптур да.
0
Jelezo
2020-03-09 10:35:04
Орус басылмасы 34 адам өлдү деп кече жазышты эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан