Япониядагы "Diamond Princess" кемесинде коронавирус жуктуруп, өз убагында медициналык жардам алгандан кийин айыккан Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келди. Ал бүгүн, 9-мартта Бишкекке келгенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Өлкөгө кайткан мекендешибиз обсервацияга алынып, коронавируска кайрадан анализ тапшырды. Анын абалы канааттандырарлык. Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2-мартта кабыл алган чечимине ылайык, коронавирус катталган өлкөлөрдөн Кыргыз жергесине келген жарандар 14 күнгө карантинге алынат", - дейт мекеменин басма сөз катчысы.
18-февралда Япониядагы "Diamond Princess" кемесинде коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Кыргыз жараны бар экендигин чет өлкөлүк басылмалар Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен жазып чыккан эле. Бул маалымат ачыкталган соң, Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги кемеде бир Кыргыз жараны бар экенин ырастап, аны менен 6-февралдан бери байланышта болуп жатканын, абалы канааттандырарлык экенин билдирген.
28-февралда тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов круиздик лайнердеги Кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алганы аныкталганын жыйында айткан.
Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз жараны 1-мартта ооруканадан чыгарылып, Токиодогу мейманканалардын бирине жайгаштырылганын маалымдаган. Ошондой эле ал акыркы текшерүүдөн өткөндө коронавирус аныкталган эмес, мындан улам ага сертификат берилген.