Коронавируска байланыштуу мамлекеттик чек арасынын көзөмөл-өткөрүү жайларында жана обсервацияларда нөөмөттө турган медициналык кызматкерлерге сый акы берүү маселеси каралат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери боюнча селектордук кеңешмеде билдирди. Анда өкмөт башчы бир катар мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмаларды берди.
Анда Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн рынокторундагы абалды күн сайын изилдөө керектигин айтты.
"Айрымдар түзүлгөн жагдайды колдонуп, кайсы бир азык-түлүктөрдүн, башка товарлардын баасын негизсиз көтөрүү менен пайда табууну көздөгөндөр болушу мүмкүн. Буга жол бербөө керек. Айыл чарба продукцияларын ташып чыгарууга көзөмөлдү күчөтүү зарыл, тигил же бул азыктардын тартыштыгы болбоого тийиш", - деп баса белгиледи ал.
Кеңешменин жыйынтыгында премьер-министр компетенттүү бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жол бербөө жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын өрчүү кесепеттерин четтетүү иштерин күчөтүүгө тийиштүү конкреттүү тапшырмаларды берди.