АКШдагы коронавирус катталган круиздик лайнерде 2 Кыргыз жараны бар

АКШнын Калифорния штатындагы "Grand Princess" круиздик лайнериндеги эс алуучулардын арасында коронавирус менен жабыркагандар бар экени аныкталган. Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы, Канададагы элчиликтери кошмо штаттардагы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана "Princess Cruises" компаниясына кайрылган.

6-мартта аталган круиздик лайнерде эки Кыргыз жараны бар экендиги тууралуу расмий маалымат келип түштү дейт Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан.

"Элчилик Кыргыз жарандары менен түз байланышты. Лайнердеги Кыргыз жарандары ден соолугу жакшы экенин, экипаж мүчөлөрү күнүнө үч маал тамак берип жатканын, бардык жүргүнчүлөрдү каюталарда кармап жатканын айтышты. Учурда элчилик алар менен байланышта болуп, бул маселени көзөмөлдөп жатат", - дешти маалымат кызматынан.

"Grand Princess" круиздик кемеси медициналык жардамга муктаж болгон жүргүнчүлөрдү лайнерден түшүрүү үчүн бүгүн, 9-мартта Калифорниянын Окленд портуна бет алат деп кошумчалашты мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aimani
2020-03-09 13:24:31
Иииий
+4
talaa11
2020-03-09 13:28:29
Каякта болсо Кыргыздар экенда, озу Кыргыз барбаган жер жок окшойт Бир туруп кулкум келет каякта болсо Кыргыздар
+6
Bars88
2020-03-09 13:51:48
Озу быйыл саясатчы бакалар кобойду.Ырчы чоорчунун баары мактанат эле мактанат чет олкодо эс алып атабыз деп.
+2
bratanyn
2020-03-09 14:04:24
Ишсиздиктин айынан бала чака багам деп кыргыздын кылбаган иши,барбаган жери калбады го;
+4
Erik2018
2020-03-09 14:36:44
Кыргыз буту баспаган Лайнер барбы Кыргыз буту баспаган дүйнө барбы
+4
akmanai
2020-03-09 15:58:48
Кайын барбы кыргыз балта чаппаган, жерин барбы кыргыз буту баспаган деп жоокерчилик замандан бери айтылып келе жаткан соз кашкайган чындык экен го.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан