"Өлбөс полк" акциясы онлайн режимде өтөт

Бул жылы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган "Өлбөс полк" жүрүшү онлайн режимде өтөт. Маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, аталган министрлик акцияны өткөрүү үчүн атайын сайт ачты.

"Бул жылы Кыргыз өлкөсү башка өлкөлөрдүн катарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилейт. 1418 күн-түнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш мурдагы СССРдин курамына кирген ар бир өлкөдөгү үй-бүлөнүн эсинде. Андагы жоготуулар ар дайым эсибизде, буга байланыштуу "Өлбөс полк" акциясын бул жылы да өткөрүү маанилүү", - деп жазылат анда.

Маалыматта мындай чечим коронавируска байланыштуу элдин саламаттыгын коргоо максатында кабыл алынгандыгы белгиленген.

Акцияга https://1945.srs.kg/ бул шилтеме аркылуу катталып, "Өлбөс полктун" электрондук порталына www.pobeda.srs.kg кирип катышса болот.

Бул үчүн:

- Алдын ала Ата Мекендик согуштун ардагеринин сүрөтүн даярдоо;

- Ардагердин аты-жөнүн жазуу;

- Ал тууралуу кыскача маалымат;

- Файлдарды www.pobeda.srs.kg порталына тиркөө керек.

Бул портал аркылуу жөнөтүлгөн кайрылуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кароого келип түшөт.

- Ага жазыла турган тексттин көлөмү 4 миң белгиден ашпашы зарыл,

- Сүрөттүн өлчөмү 5 МБтан ашпашы керек, жарай турган формат - jpg 3х4.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан