+21. Бул жолу да коронавирус аныкталгандардын көбү Бишкекте. Жалпы 1037

Өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 21 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Алар:

Бишкек шаары – 10;
Чүй облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 3;
Нарын облусу – 7.

"Мунун ичинен 3 бейтап сырттан келгендер. Ал эми Нарындагы жаңы аныкталган 7 адамдын алтоо медицина кызматкерлери, бул жерде коопсуздук чаралары жакшы сакталбай калганбы, айтор, ушундай көрүнүш орун алды", - деди Үсөнбаев.

Муну менен коронавирус өлкөгө келгенден бери 1037 адам ооруну жуктуруп алды. Анын ичинен 709 бейтап айыгып чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gukush00
2020-05-12 11:03:05
Ошол медицина кызматкерлердин кийинген кийимин корсонор Тим эле вирус жукпайм десе да жуккудай абал. Ар кимден эле акча алып атат жок дегенде ошолорду жакшы карап койсо болмок. Окмот аке деген
+2
Mintip-menu-suybo
2020-05-12 12:50:33
Жаман ойлорунда атайын акча учун жугузуп атышат дегилери бар го.Оздору ошол кийимдерди кийип 14 кун иштеп корушпойбу жок дегенде сынамака. Жугат бекен ,жукпайт бекен корушпойт беле. Бышкан ашка сынчы коп дегендей го биягы... Болгон аткарган жумушу телеге чыгып бир маал отчет берип коет тияктан мынча, бияктан мынча чыкты деп.Алган акчалары асмандын башы... Андан коро барып, ошолор кылган ишти кылып коргуло силер да...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан