Коронавирус жана башка инфекциялык оорулардын алдын алуу максатында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл ишканасынын кызматкерлери борбордогу базарларды дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Коронавирус жана башка инфекциялык оорулардын алдын алуу максатында "Дордой" базары, "Чынар", "Чолпон" кичи базарларынын соода катарлары, текчелери, ошондой эле Орозбеков көчөсүндө жайгашкан "Штайнброй", "Акбаров" колбаса цехтери дезинфекцияланды. Буга чейин "Аламүдүн", "Ош базары", "Орто-Сай" базарларында жана 29 кытай ашканасында тазалоо иштери жүргүзүлгөн", - деп жазылат маалыматта.