Москвада коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн жаңы оорукана курулат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин коронавирусту дарылоо үчүн жаңы инфекциялык оорукана куруларын билдирген. Оорукана Голохвастово айылына жакын аймакта курулуп, курчоого алынат. Ошондой эле турак жайлар жайгашкан аймактан 250 метр алыстыкта жайгашып, тургундар үчүн коркунуч жаратпайт. Мэрдин айтымында, шаарда саналуу гана коронавируска кабылган учурлар катталган. Бирок ооругандарды да, алар менен байланышта болгондорду да бир ооруканага жаткырышууда. "Кырдаал кандай өзгөрбөсүн, шаар баарына даяр болушу керек", - дейт Собянин.