Италиянын Бергамо шаарынын мэри Жоржио Гори Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы "Аталанта" - "Валенсия" оюну Италиядагы коронавирустун тез жайылышына алып келди деп эсептейт. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмаларга берген маегинде билдирген.
"Бул оюн 19-февралда болгон. Италиядагы вирус жуктурган алгачкы адам 23-февралда катталып жатат. Биз ал убакта эмне болуп кетээрин билген эмеспиз да. Бул вирус адамдан адамга жугат экен. Бул оюнда стадионго 40 миңдей адам келген жана кафе-барларда топтошуп алып көрүшкөн. Бул күнү адамдар бири-бири менен көп контакт кылышкан. Чемпиондор Лигасынын бул оюну Италияга биологиялык бомба болду деп эсептейм", - деп билдирген.
Мэрдин билдиришинче "Валенсия" командасында бул оюнда негизги курамда чыккан үч оюнчудан (Эсекьель Гарай, Эльяким Мангаля жана Хосе Гайя) коронавирус аныкталган.
Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы "Аталанта" (Италия) - "Валенсия" (Испания) командаларынын биринчи оюну Милан шаарындагы "Жузеппе Меацца" стадионунда болуп, 4:1 эсебинде италиялык клубдун жеңиши менен аяктаган.
Италия коронавирустан каза болгондордун саны боюнча алдыңкы сапта.