Бүткүл саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус коронавируска байланыштуу абалга пандемия деп мүнөздөмө берди. Бул тууралуу ал брифинг учурунда айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Пандемия - дүйнөлүк масштабда адамдан адамга оңой жугуу аркылуу тараган оорунун жаңы түрү. Буга чейин кара тумоо (чума) жана холера пандемия деп жарыяланган. Инфекциялык оорунун жаңы түрү пайда болуп, ал бүтүндөй мамлекетке жайылып жана анын аймагынан чыгып кеткенде пандемия жаралат.
Тедрос Гебрейесус жакынкы күндөрү жана апталарда коронавирусту жуктуруп алгандар жана андан каза болгондор дагы көбөйүшү мүмкүн экенин айтты.
"Мен бардык өлкөлөрдү төмөндөгү кадамдарга барууга чакырам: чукул кырдаалга реакция кылууну күчөтүү жана кеңейтүү, коронавирустан коргонуу тууралуу элге маалымат берүү, аталган инфекцияны жуктуруп алган ар бир адамды табуу, изоляция кылуу, текшерүү жана анын башка адамдар менен болгон байланышын карап чыгуу", - деди уюмдун башкы директору.
11-мартка карата дүйнөнүн 114 өлкөсүндө коронавирус катталды, ооругандардын саны 118 миңден ашуун, каза болгондордун саны 4 миң 291. "Коронавирус катталгандардын 90 пайыздан ашууну 4 өлкөгө туура келет, анын ичинен Кытай менен Түштүк Кореяда ооругандардын саны бир топ азаюуда. 81 мамлекетте коронавирус жуктургандар жок, 57 өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 10 кишиге жетпейт", - деди Тедрос Аданом Гебрейесус.