Казакстанда жогорку окуу жайлары 15-марттан баштап онлайн окутууга өтөт. Ал эми мектеп окуучулары 16-марттан баштап жазгы каникулга чыгышат. Мындай чечим коронавируска байланыштуу кабыл алынып, массалык делинген иш-чаралар, жыйындар, көргөзмөлөр токтотулду деп жазышат казак басылмалары.
"Өлкөдөгү колледждер жана жогорку окуу жайлар онлайн окутууга өтүшөт. Учурда бир катар окуу жайлар онлайн окутууну тестирлөөдөн өткөрүп жатышат. Каникул учурунда билим берүү мекемелеринде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Учурда дүйнө жүзүндө 126 миң 259 адам коронавирус менен жабыркап, 4 638 адам каза болду. Бул вирус дүйнөнүн 118 өлкөсүндө катталып, тилекке каршы, бул тизме күндөн-күнгө толукталууда.