Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңеште Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө токтом долбоору кабыл алынды.
Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде "Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Анда Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизүү каралган.