Коронавирустун душманы ысырыкпы? Дарыгер Борбор Азия өлкөлөрүндө инфекциянын эмне үчүн катталбаганы тууралуу пикирин айтты

Дүйнөгө тез жайылып жаткан коронавирус инфекциясы Борбор Азия өлкөлөрүндө каттала элек. Мунун сыры эмнеде деген суроого медицина илимдеринин доктору, БУУнун алдындагы вакцина боюнча эл аралык институтунун башкы директорунун орун басары Михаил Фаворов өзүнүн пикирин Ташкентте өткөн конференция учурунда билдирди. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри Алишер Шадманов Михаил Фаворов менен биргеликте жыйын өткөрдү. Анда Фаворов 11-мартта Монголияга келген франциялыктан коронавирус аныкталганын белгиледи.

"Биз өзбекстандык кесиптештерибиз менен бир өзгөчөлүктү байкадык. Учурда картадагы монгол үч бурчтугуна кирген бир катар өлкөлөрдө (Борбор Азия өлкөлөрү) коронавирус катталган эмес. Мунун себеби эмнеде деген суроонун үстүндө көп ойлондук, себеби - климаттын өзгөчөлүгү, кургак абасы же ысырык болушу мүмкүн деп жатабыз.

Азырынча алдын ала бир нерсени айтуу, божомолдоо болбогон кеп. Бирок Борбор Азия өлкөлөрүндө коронавирус жок деген факт бар. Коронавирус катталбайт деп үмүт кылам", - деген ал жыйында.

Учурда дүйнө жүзүндө 128 миң 343 адам коронавирус менен жабыркап, 4 миң 720 адам каза болду.

Коронавирустун душманы ысырыкпы? Эксперттин ою
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Eldico
2020-03-13 12:59:55
Ысырык- дегенди кандай тушунсок болот, ал эмне? Рахмат
-5
MOTOP
2020-03-13 13:14:07
жакшы кабар экен. алас алас ар балээден калас
+2
satyke
2020-03-13 14:00:47
Eldico,Гармала обыкновенная или могильник.Кыргызча аталышы-адырашман,озбек тилинде-адирашмон,казакта-адыраспан,таджикте-хозариспанда. Ысырык ошол адырашмандын кургатылганы. Кыргыздар ысырыка арчаны да колдонобуз.Тутуну аба аркылуу жугуучу инфекциялардын бактерияларын жок кылышы аныкталган. Вирустарга да таасир бериши мумкун болсо анда жакшы кабар экен.
+5
ulanbek2000
2020-03-14 04:18:32
Eldico, сен учун сүрөтүнө чейин чыгарып коюптур. Ошондо да башың жетпесе уят.
0
didu
2020-03-13 13:04:44
адырашман
+1
talaa11
2020-03-13 13:09:33
Кытайга Арча экспорт кылсак окшойт Корона вирустун даарысы деп расса чон бизнес болот
+7
Altyn10076
2020-03-13 16:47:50
talaa11,Тоодо арчанын баарын кыркып бер ошол эле калды түгөтпөгөн.
+10
Saidochka
2020-03-13 13:18:03
Чын болушу мүмкүн. Грипп болсок дагы абадагы вирустарды өлтүрө т деп үйдү ысырыктайбыз го.Калк айтса, калп айтпайт дешет. Чын болсо жакшы эле, уйубузду ысырыктап турмакпыз,
+10
Jelezo
2020-03-13 13:20:01
Кыргыздар 3000миң жыл мурун эле пайдаланып келишкен.
+13
Globalnews
2020-03-13 13:22:53
ойго келгенди эле айта беришет экен да. эмнеге келе элек орто азияга? 1.оз учурунда кытайга рейстердин жабылышы. 2.дуйно мн авиа, ж.д, авто сообщение аз болушу. егерде чон мамлекеттердей болуп сообщение коп болгондо корот элек, тьфу тьфу. средняя азия-средневековье болбой журолучу сураныч!
-10
AksyKum
2020-03-13 16:17:58
Globalnews,башка жактан вирус келген менен,ошол жерде вирус озу пайда болгондун айрымасын билесинби.
+1
Mister-X
2020-03-14 01:02:50
Globalnews,Ооба,Кытайын онуккон учун бака,жылан,курт-кумурска жеп атат да ээ.
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-03-13 13:45:17
Тооба, вирустун келбегенине да жиндилик кылгандар бар а))))Средневек палан-түкүн...
0
Kuban-1207
2020-03-13 14:00:29
Оозунарга келгенди оттобой тобо кылгыла
+7
pyeon hwa
2020-03-13 14:18:24
Орто азиядагы олколорго мисалы 100 киши бир кундо кирип чыкса башка олколордо 10000жолу кирип чыгышат, Калтын коптугунон тез жугуп жатат деп ойлойм!
+2
Kuban-1207
2020-03-13 14:40:13
Калктын коптугунон
+2
Benazir08
2020-03-13 14:46:59
Биз вирус чыкканда эле кундо ысырык эле жыттай беришибиз керек коп вирусту олтурот деп ойлогонбуз. Чучук сары май коп жешибиз керек ото кучтуу анча мынча ооруну кеч таасир этирет. Кобун алдына алат деп ойлойм. Ошон учун кыргыздар кучтуу тамак жешибиз керек. Алайдын арчасын жыттагыла
+1
Globalnews
2020-03-13 14:48:43
казахстанга келди уже, 2 киши алматыда. так что арнерсеге ишенбей озунорго азыр болгула
+1
MOTOP
2020-03-13 18:51:10
Globalnews,жогоруда туура айттын. Казахстанда уже пайда болду.
+1
pero5184
2020-03-14 00:21:56
Ошо вирус казакстанга келээри менен өлүп калсын
+2
Aylinaydin
2020-03-14 01:43:34
Арча эмес адырашман тутотсо керек?
+1
gulya583
2020-03-14 09:43:11
Менимче, ысырыктын орусчасы одуванчик болсо керек. Уулуу да ошончун мал жебейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан