Бүгүн, 18-мартта Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев чукул жыйын өткөрүп, Кыргыз өлкөсүндө 3 жаран коронавирус жуктуруп алганын билдирди. Алар 12-мартта Сауд Арабиядан умра зыяратынан келишкен. Илдетти жуктуруп алгандар Сузак районунун Благовещенка жана Бостон айылынын тургундары.
SUPER.KG порталы Бостон айылынын башчысы Талипжан Халбаевге байланышканыбызда, айыл толугу менен аскер кызматкерлери тарабынан курчоого алынганын айтып, буларга токтолду "учурда айыл жабылып, толугу менен аскер кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынды. Бостон айылында 2 миң 700дөй адам жашайт. Учурда адамдарга эшикке чыгууга тыюу салынды", - деп билдирди айыл башчысы.