Кыргыз каскадёрлору тартылган "Мулан" тасмасынын Орусиядагы прокаты коронавируска байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Disney" компаниясы 26-мартка белгиленген "Мулан" тасмасынын Орусиядагы прокаты белгисиз мөөнөткө жылдырылганын маалымат жыйынында билдирди. Буга чейин коронавирустун жер жүзүнө кулач жайып жатканына байланыштуу тасманын дүйнөлүк прокаты да жылдырылганы айтылган.