Социалдык тармактарда коронавируска байланыштуу жалган маалыматтарды таратуу дагы деле уланууда. Бул ирет "17-мартта саат 23:00дөн таңкы 05:00гө чейин дезинфекциялоо үчүн тик учак менен дары чачышат экен" деген имиштер мессенжерлер аркылуу тарады. Мындай билдирүүнү тараткандар маалымат аскердик бөлүккө таандык экенин билдиришкен.
Ал эми коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана анын жайлышына жол бербөө боюнча республикалык штабдан билдирүү калп экенин, тик учак менен дары чачпай турганын кабарлашты.