Бүгүн, 15-мартка карата Казакстанда коронавирус менен жабыркагандардын саны 8ге жетти. Коңшу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов сутка ичинде 2 жарандын коронавирус менен жабыркаганы аныкталды деп билдирет.
"Бүгүн эртең менен 1955-жылы туулган аялдын коронавирус менен жабыркаганы аныкталды. Учурда ал Алматы шаарындагы инфекциялык ооруканада. Буга чейин бейтаптын жолдошу коронавирус аныкталган жаран менен байланышта болгон делинип, карантинге алынган. Учурда бейтаптын жакындарынын баары карантинге алынып, текшерүүдөн өтүштү. Алардан коронавирус аныкталган жок.
Вирусту жуктуруп алган экинчи бейтап 1995-жылы туулган эркек киши экени белгилүү болду. Ал Сеул-Алматы каттамы менен келген. Аны менен чогуу келгендер инфекциялык ооруканага жеткирилди. Бүгүнкү күнгө карата Казакстанда 8 жаран жабыркап жатат", - деди министр.