Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 15-мартта чукул кеңешмеде чек араны жабуу тууралуу сөз болбогондугун белгиледи.
"Азык-түлүк товарларынын негизги бөлүгү Казакстандан ташып келинет. Бүгүнкү күндө коңшу өлкө менен чек ара ачык. Буудай, ун жана башка азык-түлүк товарларын ташуу үзгүлтүккө учураган жок. Өзүңүздөр билгендей, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул эч кандай чектөө болбой тургандыгын ырастайт", - деди Кубатбек Боронов.
Кечээ, 14-мартта айрым базарларда азык-түлүк товарларын массалык түрдө сатып алуу болуп, баалар жогорулаган. Кийинчерээк вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргыз өлкөсүндө азык-түлүктөрдүн, калк керектөөчү негизги товарлардын, тамак-аш продуктуларынын запасы жетиштүү экенин айтып, тынчсызданууга, бааларды көтөрүүгө негиз жок деп билдирген.