Бишкек шаардык мэриясы тамак-аш продуктуларына болгон баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн базарлардагы жана дүкөндөрдөгү абал менен таанышууда. Бүгүн, 15-мартта мэриянын кызматкерлери, Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин Чүйдөгү, Бишкектеги өкүлдөрү жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен борбор калаадагы соода жайларына барышып, мониторинг жүгүзүштү. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Соодагерлерге суроо-талап көп болгон керектүү товарлардын баасын жогорулатпоого жол берөө керектигин эскерттик. Базарларда азык-түлүккө болгон баа жогорулаган жок, мурдагыдай эле. Мисалы "Аламүдүн" базарында ундун килограммы 25 сомдон 35 сомго чейин сатылууда. Нанга болгон орточо баа 10-18 сомду түзсө, сүттүн литри 35-40 сомго бааланууда. 1 килограмм уй эти 350-400 сом, кой эти 330-350 сомду түзөт. Борбор калаадагы башка базарлардагы баалар ушундай эле көрсөткүчтө.
Урматтуу шаар тургундары жана меймандары, кабатыр болбоңуздар! Азык-түлүктүн запасы жетиштүү" - дешти мэриянын маалымат кызматынан.
Кечээ, 14-мартта айрым базарларда азык-түлүк товарларын массалык түрдө сатып алуу болуп, баалар жогорулаган. Кийинчерээк вице-премьер-министр
Эркин Асрандиев Кыргыз өлкөсүндө азык-түлүктөрдүн, калк керектөөчү негизги товарлардын, тамак-аш продуктуларынын запасы жетиштүү экенин айтып, тынчсызданууга, бааларды көтөрүүгө
негиз жок деп билдирген.