"Элди бакчу кулунуң бар дубаныңда!". Канатбек Маматов Мырза-Аке айылынын тургундарына азык-түлүк, медициналык бет каптарды таратты

Мырза-Акенин кулуну айыл тургундарына гуманитардык жардам берди. Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов учурдагы оор кырдаалга байланыштуу айылдаштарын зарыл жумушу болбосо үйдөн чыкпай турууга чакырып, жалпы суммасы 400 миң сом болгон керектүү азык-түлүктөрдү жана 100 миң сомго алынган бет каптарды айыл элине таратты. Мындан тышкары футбол союзунун президенти 50 миң сомду накталай берди. Бул тууралуу "Мырза-Аке жаштар биримдигинен" билдиришти.

Биримдиктен Канатбек Маматов туулган жерин унутпай, элинен кабар алып, жардам берип жаткандыгы үчүн айыл тургундарынын алкышына ээ болгонун айтышат. Кыргыз футбол союзунун президенти буга чейин жыл сайын айылдагы футбол сүйүүчүлөрү үчүн достук мелдештерин уюштуруп, мелдешти "Мырза-Аке жаштар биримдиги" менен биргеликте өткөрүп келчү.

Өз учурунда "Мырза-Аке жаштар биримдиги" карантин башталган күндөн тартып башка айылдын активдүү жаштарынан турган атайын топ түзгөн. Атайын түзүлгөн топтун мүчөлөрү блокпостто күнү-түнү нөөмөттө турушуп, 24 саат бою иш алып барышууда. Ар бир нөөмөттө топтун 6 мүчөсү жана 2 медайым, өкмөттөн атайын укуктуу өкүлчүлүгүнүн 1 мүчөсү, 1 милиция кызматкери турат.

"Мырза-Аке жаштар биримдиги" 2018-жылдын март айында айылдын активдүү жаштарынын демилгеси менен түзүлгөн.

Канатбек Маматов Мырза-Аке айылынын тургундарына азык-түлүк, медициналык бет каптарды таратты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rususu
2020-04-04 19:53:04
Эн жакшы жоролго,башка райондордун да тулпарлары,кулундары,тайлары чыгышсале колдорун сунуп.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан