Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги ундун, нандын баасына чектөө киргизет. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат жыйында билдирди.
"Өкмөттүн чечимин чыгардык. Бүгүндөн баштап монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги ундун жана нандын баасына чектөө киргизет. Алар коюлган чектен ашырып саттырбоо үчүн белгиленген бааны чыгарып беришет, аны менен Бишкекте жана аймактарда азык-түлүктүн баасы канча болушу керек экенин чыгарып, элге маалымат жеткиребиз. Ар бир жаран унду, өсүмдүк майын, кумшекерди, жана башка азыктарды канчадан алса болот, ошого жараша өзүнүн бюджети менен жашоосун улантууга мүмкүнчүлүк түзүп беребиз. Айрым жарандар бааны жеке кызыкчылыктары үчүн көтөрүп жиберет деп күткөн эмеспиз", - дейт өкмөт башчы.