Өкмөттүн өкүлү график боюнча ишкерлер ишин баштаса, эч кандай маалымкат талап кылынбай турганын айтты

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов график боюнча ишкерлер ишин баштаса, эч кандай маалымкат талап кылынбай турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Ишкерлер ишин баштаса, эч кандай маалымкат талап кылынбайт. Ким талап кылса штабга айтсаңыздар, алар жазасын алат", - деди ал.

Буга чейин жыйында депутат Улугбек Ормонов, Махабат Мавлянова аталган маселени көтөрүшкөн. "Ош облусунан телефон чалуулар болуп жатат. Алар маалымкат алып келиши керек экен. Маалымкат үчүн акча төлөп жатышат. Азыркы учурда өкмөт маалымкатты бекер эле бериши керек. Ушул боюнча маселени көзөмөлгө алуу керек", - деген Ормонов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан