Соңку суткада 448 бейтап коронавирус илдетинен сакайып үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, стационарда 1 405 жана амбулатордук түрдө 2 299 адам дарыланып жатат.
Пандемия Кыргыз өлкөсүндө катталгандан бери жалпы 166 миң 308 бейтап аталган илдеттен сакайды.