Европанын алдыңкы театрларында дүйнөлүк операларды аткарган опера ырчысы, тенор Жеңишбек Ысманов учурда убактылуу Германияда жашап жатат. Таланттуу мекендешибиз чыгармачыл сапарда жүргөн учурда коронавирус чыгып, өзү жашаган Милан шаарына бара албай калган. Ысманов SUPER.KG порталына Европадагы коронавирус тууралуу, чыгармачылыгындагы акыркы жаңылыктары, сагынуу сезимдери жана жөн гана мекенине каалоо-тилек айтып, кызыктуу маек курду.
- Коронавирус учурда көп өлкөлөрдө катталды. Европадагы абалды коркунучтуу деп айтып жатышат. Бул пикир канчалык туура?
- Ооба, Европада кырдаал оор жана коркунучтуу болуп жатат. Бул вирустун Европадагы очогу Италиянын Ломбардия облусунда жана Милан шаарында болууда. Үй-бүлөм менен он жылдан бери Милан шаарында жашайбыз. Бирок азыркы кезде үй-бүлөм Милан шаарында турушат, өзүм 2 айдан бери Словениянын борбору Любляня шаарында келишим менен Луиза Миллер операсына даярданып, ошол жакта жүргөм. Ал жакта жүргөн кезимде Кытайда катталган вирус Италияда күчөп кеткени билинди.
Негизи жеке өзүм бул вирусту азыркы учурдагыдай күчөп кетет деп ойлогон эмес элем. Түзүлгөн келишим бүткөндөн кийин, үйгө барам деп жүргөм. Үйгө барууга даярдык болуп жатканда эле вирус күчөп, карантин чыга калды. Башында Италияга кирүү мүмкүн болуп жатты, бирок чыгууга мүмкүн эмес эле. Азыр Италияны жаап салышкандыктан, ал жакка кирүү жана чыгуу чектелген. Себеби вирустун очогу Италия жергеси болгондуктан, аймак катуу карантинге алынган.
- Жергиликтүү маалымат булактары аркылуу вирус кайдан, ким аркылуу тарады деп айтылып жатат?
- Вирустун башаты Кытай делинип, ал Италияга Кытайдан келди деген сөздөр айтылып жатат. Бирок өзүм бул сөзгө бир аз ишене албай турам. Бул дагы өзүнчө чоң өлкөлөрдүн же топ, уюмдардын максаты деген божомолум бар. Себеби Италиядан негизги кишини табышкан жок. Ооба, биринчи ооруган адамды таап, билишти. Бирок ал киши вирусту кантип, каяктан, кандай болуп жуктурганын биле алышкан жок. Себеби ал жаран эч кандай Кытай жакка барган эмес экен. Бүгүнкү күнгө чейин ал адамга вирус кайдан жугуп калганын эч ким аныктай албай жатат. Вирустун Италияга кулачын жайып жатканынын дагы бир себеби Италия Европадагы эң биринчи туристтер келе турган өлкөлөрдүн бири.
- Ошондо айтып жаткан келишимиңиз бүттүбү?
- Ооба, Словениядагы келишимим бүттү. Ал бүткөндөн кийин деле Италияга бара албагандыктан, агенттик менен сүйлөшүп, Германиядагы Розенхайм шаарында жашап жатам. Абал оңолгонго чейин бул жакта боло турганымды айтышты. Италияда 3-апрелге чейин карантин деп жарыяланган. Андан кийин кандай болорун бир Кудай билет. Азыр мен жашап жаткан Германия өлкөсүндө дагы абал татаалдашып баштады. Өлкөнүн бир облусу "кызыл аймак" (ред. вирус көп тараган аймак) аталып, жабылды. Бул жакта кандай болот аны дагы бир Кудай билет. Коронавирус күн жылыганда токтойт деп айтылып жатат. Бирок ага карабай күнөстүү, жылуу өлкө аталган Катарда дагы бул вирус менен жабыркагандар катталып жатат. Ал гана эмес, Бириккен Араб Эмирлигинде дагы коронавирус менен жабыркаган учур кездешип жатыптыр.
- Сиздин үй-бүлөңүз жашаган Милан шаарындагы абалды биле алдыңызбы? Үй- бүлөңүздүн абалы кандай экен?
- Миланда азыр акыбал абдан кыйын жана оор. Келинчегим жана балам учурда Миланда үйдө олтурушат. Алар карантинде кармалгандыктан, үйдөн чыгууга тыюу салынган. Балам 2 жарым жашта. Ал көчөгө чыгып, ойнойм деп ызы-чуу салып жатыптыр. Ал жакта көчөгө чыгууга 2 гана мүмкүнчүлүк бар экен. Дарыканага жана азык-түлүк алуу үчүн гана чыга аласың. Башка жакка чыгууга мүмкүнчүлүк жок. Башкасын толук билбейм, бул тууралуу келинчегим менен интернет түйүндөрү аркылуу сүйлөшүп билип жатам. Келинчегим кечээ азык-түлүк алганы сыртка чыгып келди. Башында Италия бир аз туура эместикке жол берип койду. Бул менин жеке оюм. Себеби Кытайдан келген учактарды, каттамдарды мамлекет көзөмөлгө алган эмес. Италияда учурда карантин болгондуктан, мен ал жакка бара албайм. Качан бара турганым дагы белгисиз. Үй-бүлөмдү эки айдан бери көрө элек болчумун. Азыр сагынып олтурам. Келинчегим дагы балдарым болуп сагынганын айтып, ыйлактап жатышат. Кудай буйруса, үй-бүлөмө барууга аз убакыт калды деп үмүт кылып жатам.
- Миландагы Ла Скала театрынын мурунку директору коронавирустан көз жумду деп айтылып жатат. Сиз жеке ал адам менен тааныштыгыңыз бар беле?
- Ла Скала театрынын көркөм жетекчиси болуп иштеген Лука Таргетти деген кишини мен дагы таанычумун. Ортобузда жылуу мамилебиз бар болчу. Ал киши менен күзүндө эле жолугуп, кофе ичип олтурганбыз. Аябай жакшы киши болчу. Учурда агент болуп иштеп жаткан. Башында бирге иштейли деп дагы сунуштап жүрдү. Бирок ал кезде менин өзүмдүн агентим бар болгондуктан, бара алган эмесмин. Бирок алыс болсок дагы интернет түйүндөрү аркылуу сүйлөшүп, мамилебизди чыңап турчу элек. Чынында, башында бул вируска мен деле катуу маани берген жок элем. Бирок ошол таанышым коронавирустан каза болду дегенди угуп, чынында нес абалында болдум. Бул учур мени чынында сестентти. Ал кесиптешим 62 жашта болчу.
- Өзүңүздүн ден соолугуңуз, ал-акыбалыңыз кандай?
- Жеке өзүмдүн ал-акыбалым жакшы. Германияга келгениме үч күн болуп калды. Словениядан туура эле бул жакка жол тарттым. Жолдо бет кап, антисептикалык каражаттарды алып, абайлап келдим. Ал эми Германияга келгенде катуу текшеришти. Өзүм иштеп жүргөн театрдан 2 айдан бери ал жакта жүргөнүмдү тастыктаган кат алып алдым эле. Ал каттан улам текшерүүдөн жакшы өттүм. Бирок документим Италияныкы болгондуктан, Германиянын башка шаарларына келип жаткандыктан бир аз аларда кооптонуу болду. Бирок кандай болсо дагы менин абалым жакшы экенин айткым келет. Бул вирус пандемия болгондуктан, ал дүйнөнү тынчсыздандырып, чочутуп жатат.
Кыргыз өлкөсүндө оору болбосун деген тилектемин. Күндө өлкөмдүн жаңылыктарын социалдык тармактар аркылуу көрүп, билип турам. Кошуна өлкөлөргө вирустун келгени мени бир аз тынчсыздандырып турат. Бирок кандай болгон күндө дагы кыргыз элиме бул вирус жетпейт деген терең ишеним жана үмүт бар.
Ошондой эле элиме бул вируска кайдыгер карабай, эрежелерди сактаңыздар деп айткым келет. Анткени буга чейин Италия өлкөсү пандемияга карата олуттуу карашкан эмес. Италияда вирусту эл жеңил ойлуулук менен кабыл алгандыктан, вирус күчөп кетти окшойт. Той-топур бизде көп. Абалга жараша аларды дагы токтотуп турсак жакшы болот. Биз Италияга окшоп карантин учуруна барбайлы. Кудай сактасын, карантин учуруна барып калган чакта дагы бири-бирибизди сыйлап, бири-бирибизди урматтап, жашоого Кудай жеткирсин. Себеби дүйнөдө ар кандай жашаган элдерди, алардын абалын көрүп, билип жатабыз. Салыштырмалуу бизде баары жакшы деп айтсак болот. Дүйнөдө негизгиси тынчтык болсун, оору-сыркоодон алыс бололу.
- Чыгармачылыгыңызда эмне кеп, бул тууралуу дагы азын-оолак токтоло кетсеңиз?
- Чыгармачылыктагы репертуарыма жаңы опера кошулду. Бул Жузеппе Вердинин "Луиза Миллер" (итал. Luisa Miller) деген операсы. Бул операнын ачылышын Словения өлкөсүнүн борбору Любляня шаарында өткөздүк. Ачылуу аябай жакшы деңгээлде болду. 2 ай ошол жакта жүрдүм. Акыркы спектаклым вируска байланыштуу болбой калды. Андан сырткары Германияда 25-мартка келишимим бар эле. Ал дагы болбой калды. Грецияда жана башка бир канча өлкөлөрдө келишимдерим бар. Ага чейин абал жеңилдеп, баары өз нугуна түшөт деген ниетте турам. Оору-сыркоодон алыс бололу. Жаз дагы келип, күн дагы жылып калды. Келишим эч нерсе эмес, негизгиси ден соолукта бололу.