Бир сутка ичинде өлкөнүн медициналык жайларында коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы экөө каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, каза болгондордун экөө тең Бишкек шаарында катталды.
Өлкөдө илдет катталган күндөн бери коронавирус инфекциясынан жалпы 1 миң 492 адам каза болду.