Коронавирус менен күрөшүү эсебине келип түшкөн 38 миллион сомдон ашык каражат вирус катталган жерде иштеп жаткан медицина кызматкерлерине которулду

COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн чегерилген каражаттардын бир бөлүгү өлкөнүн медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөөгө жумшалат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, мындай чечимди депозиттик эсептеги акча каражатын бөлүштүрүү боюнча комиссиясы кабыл алганы айтылат.

"31-март саат 14:30га карата эсепке 61 миллион 239 миң 736 сом түштү. Анын 38 миллион 559 миң 307 сому өлкө аймагындагы вурус катталган жерде иштеп жаткан медицина кызматкерлерине которулду", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, Кыргыз өлкөсүнүн 2020-жылдын 28-мартындагы буйругуна ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн депозиттик эсеп ачылган. Ошондой эле эсепке келип түшкөн каражаттарды жана гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлгөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
AksyKum
2020-03-31 21:27:02
Блокпосто турган куч тузумдоруночу
+3
omurbekFCB
2020-03-31 21:57:47
Бардык медицина кызматкерлерине кошумча акча кошулса жакшы болмок, !!!
0
Shekeev969798
2020-03-31 22:24:24
ошондо жарымын жеп жарымын котордунарбы?
+2
AksyKum
2020-03-31 22:37:31
Shekeev969798,ал турган ишда,150 адам га бердик деп 100адамга берет
+3
algakaray
2020-04-01 02:29:49
Эми ушу кундо жесе анда кудай урат го буларды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан