Балдарды аралыктан окутуу боюнча психологдун кеңеши

Мектептерде окуу процесси башталды. Пандемияга байланыштуу окуучулар аралыктан окуп жатышат. Аралыктан окуу бир топ ата-энелерди түйшөлтөт. Психолог Альбина Максатбекова аралыктан окутуу боюнча ата-энелерге кеңешин берет. Бул АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Ага Хан фондунун колдоосу менен "Жергиликтүү өзгөрүү" долбоорунун "Көп жаша" кампаниясынын алкагында даярдалган.

- Жакында аралыктан окуу башталды. Мында үй-бүлөдөгү абал дагы да чыңалуусу турган кеп. Ата-эне баланын окуудагы жетишкендигине кантип салым кошо алат?

- Абдан актуалдуу маселе. Эң эле биринчи ата-энелер дүрбөлөңгө түшпөшү керек. Мугалим тарабынан берилген ар бир тапшырмага ашыкча тынчсыздануу дагы болбойт.

Аралыктан окууда балага эмес, ата-энеге ыңгайлуу окуу ыкмасын тандап алуу туура. Ал эми окуучуга сабакты түшүндүрүү жолдорун аны менен биргеликте чечип алуу керек болот. Кээ бир балдар алгач теорияны угуп, андан кийин талкуулагысы келсе, айрымдарга өз алдынча окуу ыңгайлуу. Ошондуктан бардык варианттарды карап көрүү керек.

Үйдө окуганда сабактын убактысы да чоң роль ойнойт. Күндүн кайсы учуру ыңгайлуу болсо, ошондо гана окугула. Сабактын узактыгын да биргеликте аныктап алган оң.

- Үйдө окуганда күн тартибин кантип түзүп алуу керек?

- Бул да маанилүү маселе, анткени үйдө болгондо балдар өздөрүн эс алууда жүргөндөй сезишет. Ошондуктан ата-энелер күн тартибине өзгөчө көңүл буруп, режимди сактап турушу кажет. Эртеден кечке сабак менен алектенүүгө да болбойт, баланын оюнга да убактысы кенен болушу керек.

- Ата-энелер дүрбөлөңгө түшпөшү үчүн эмне кылышы керек?

- Балдарды окутуу ата-эненин эмес, мектептин милдети. Ошондуктан ашыкча тынчсыздана берүү да болбойт. Ата-эненин милдети – баланы сүйүү, камкордукка алуу жана тарбиялоо. Эгерде окуу процессине кийлигишкиңиз келбесе, өзүңүздүн ишиңиз менен алек болуңуз. Баланызга сабактардан жардам керек болсо өзү кайрылат.

Анан дагы балаңыз кандайдыр бир сабакты окубай, калтырып алган болсо кыжалатчылыкка орун жок. Мугалим баары бир материалды кайталап текшерет. Ата-энелер бала менен кошо мыкты окуучу болууга милдеттүү эмес.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан