Орусиянын борбору Москва шаарындагы мектептер коронавирус чуусунан улам убактылуу жабылат. Бул тууралуу аталган шаардын мэри Сергей Собянин маалымат жыйыны учурунда билдирген.
"Ишемби 21-марттан баштап, 12-апрель жекшемби күнгө чейин мамлекеттик орто мектептер, спорттук мектептер жана билим берүү мекемелери жабылат", - деп билдирген мэр.
Мындан тышкары Москва шаарындагы 50 адамдан ашкан массалык иш-чаралар дагы токтотулат.
Маалыматка ылайык, Орусияда коронавирус оорусун 93 адам жуктуруп алган. Буга байланыштуу өлкөнүн премьер-министри Беларусь өлкөсү менен болгон чек арасын жапкандыгын билдирген.