Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков илдеттен айыгып, жумушка чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Ал бүгүн, 15-июлдан тартып ишине киришти. Алмазбек Баатырбеков COVID-19га чалдыккан жана сол өпкөсү сезгенген. Ал дарылоо курсунан толук өтүп сакайды, кайрадан тапшырган анализдин жыйынтыгы таза деп чыккан.
Эске салсак, Алмазбек Баатырбеков 30-июнда Жогорку Кеңеште ант берген.