Коронавирустан улам өлкө аймагында мектеп окуучулары 3 апталык каникулга чыкканына байланыштуу Бишкекте онлайн кызматы ачылууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдардын жана жаштардын китепканасы каникул учурунда балдар үчүн жаңы – онлайн кызматын сунуш кылат. Ал үчүн bayalinovkaonline@gmail.com электрондук почтасына, китепкананын фондунда бар адабиятка билдирме жөнөтүү керек. Ар бир билдирме өз алдынча дыкат каралат. Билдирмени ыкчам ишке ашыруу үчүн суроо-талап так жана түшүнүктүү жазылышы керек. Бир да билдирме көз жаздымда калтырылбайт", - деп жазылат маалыматта.